Улуттук банк доллардын өсүшүн ооздуктоо максатында мындан ары дагы болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланат. Белгилей кетсек, америкалык валюта ушул айдын башынан бери карай сомго карата дээрлик төрт пайыз жогорулап 84 сомдон ашты. Доллардын кунунун өсүшү биринчи кезекте дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Быйыл жыл башынан бери пандемиянын оор кесепети биздин өлкөнүн экономикасы дагы терс таасирин тийгизди. Кытай, Россия жана башка мамлекеттер ортосунда товар жүгүртүү төмөндөдү. Кошул-ташыл болуп келген инвесторлор азайды.
Улуттук банк чет элдик валюталарды сатуу аркылуу абалды жакшыртуу аракетин көрүүдө. Бир ай аралыгында эле алты ирет 60 миллион сомго интервенция жасалган. Ал эми жыл башынан бери улуттук валюта сомдун туруктуулугун сактоо максаты менен он жети ирет интервенция жүргүзүлгөн.
Жазында доллар эки жолу болуп көрбөгөндөй 85 сомго чейин жогорулап кайра түшкөн. Өз кезегинде адистер доллар кунунун өсүшү кайталанбайт деп билдиришкен. Бирок бүгүнкү күндө америка валютасы кайра жогорку чекке жакындады. Дагы жогорулайбы чек арадагы абалга тыгыз байланыштуу.
Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу кеминде 15 сомго чейин кымбаттады. Мындай абал базарларда, соода жайларында азык-түлүктөн баштап, курулуш материалына чейин бааларга таасирин тийгизди. Доллардын курсу жогору бойдон кармалып турат, эгер дагы өсө турган болсо өлкөнүн жөнгө салуучу башкы органы тиешелүү чара көрүүгө даяр.