Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу бюджетке кошумча киреше түшүшүн шарттайт. Дагы бир өзгөчөлүк ашыкча кыйынчылыксыз чек арадан товарларды өткөрүүгө мүмкүн. Себеби күчтүү экономика менен гана өлкөнү өргө тарта алабыз. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү да өз сунуш-пикирлерин берүүгө даяр.
Бирок айрым ишкер биримдиктеринин өкүлдөрү Конституциялык кеңешмеге кирбей калганын айтышууда. Ага карабай бир катар ишкерлер ассоциациялары Баш мыйзамга экономиканы өнүктүрүү боюнча сунуштарын берүүгө даяр.
Өлкөнүн банк жана каржы секторунун өкүлдөрү бул жолу Конституциялык кеңешмеге кирбей калышты. Бирок, бул тармактагылар ага деле нааразы эмес. Сунуш-пикирлерин курамга кирбей туруп сырттан деле берүүгө даяр. Ал үчүн атайын демилге-сунуштар даярдалган. Себеби тармактын өкүлдөрү Баш мыйзамдагы айрым беренелер менен бөлүкчөлөрдү өзгөртүү боюнча ой-пикирлери бар. Ириде алар Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу менен гана алектенбей мыйзам долбоорлорун чечмелеп берсин деп да сунуштап жатат. Мындай болгондо мамлекет менен бизнестин ортосундагы талаш-тартышты жараткан көп маселелер чечилмек-дейт Анвар Абдраев.
Конституциянын жаңы редакциясын талкулоодо зергерчилер жана ишкерлер ассоциациясы да четте карап турган жок. Бул тармактын ишкерлеринин коррупцияны жоюп, көмүскөдөгү бизнести ачыкка чыгаруу боюнча бир топ сунуштары бар экенин айтууда. Жакынкы күндөрү ишкерчиликтин бул багытын өргө тарта турган сунуш-пикирлерин Конституциялык кеңешмеге жолдогону турушат.
Ал эми экономист Булат Токсобаев Баш мыйзамдын 20-беренесин толуктоо зарыл деген пикирде. Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары кеңешменин отурумунда бул демилгени алдыга жылдыраарын айтат. Айтымында социалдык-экономикалык пландар бюджетте камтылган. Анда тиешелүү тармакты каржылоонун суммасы көрсөтүлгөн. Каржы документинде максат жана милдеттер так жазылган эмес деген Токсобаев экономикалык пландар атайын стратегиялык документте жазылышы керек деп эсептейт.
Конституция өлкөнүн башкы документи. Буга байланыштуу Баш мыйзам учурда Конституциялык кеңешменин аянтчасында талкууланууда. Өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү үчүн баардык тараптардын сунуш-пикирлери угулуп, талкууга салынып жатат.