Жаңылыктар
Элдик курултай тууралуу сунуштар
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик курултай тууралуу сунуштар

Конституциялык кеңешменин бир күндүк пленардык отурумун Элдик курултай институтун талкуулоого бөлүү керек. Бул тууралуу кеңешменин бүгүн өткөн жалпы жыйынында айтылды. Аны менен бирге элдик курултай тууралуу сунушталып жаткан баш мыйзамдын жаңы редакциясынын жетинчи беренесине алымча кошумчаларды киргизүү зарыл экени белгиленди. 

Конституциялык реформанын алкагында курултай түзүмүн киргизүү боюнча 15 долбоор каралууда. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды. Бардык варианттарды бириктирип, бир долбоорду алып чыгуу аракети көрүлүп жатат. Бул үчүн атайын коомдук кеңеш түзүлдү.

Адистердин айтымында курултай тууралуу баш мыйзамда так жана даана көрсөтүлүшү керек. Анын иши, делегаттардын шайланышы, курултай кабыл алган чечимдердин аткарылышы тууралуу так жазылышы зарыл. 

Ошол учурда коомчулукта курултайды тарыхтын эски барагы катары кабыл алып сындагандар бар. Азыркы доордо анын кызматын парламент аткарып жатканы айтылганы менен Жогорку Кеңеш өз миссиясын толук аткарбай жаткандыктан ушундай зарылчылык пайда болгонун жактагандар четтен чыгат.

Элдик курултай тууралуу жаңы долбоордун жетинчи беренесинде кенен жазылган. Ал элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органы катары көрсөтүлгөн. Элдик курултай Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угуп, айрым чиновниктердин иши натыйжасыз болуп жаткан болсо кызматтан алуу сунушун берери жазылган.