Жаңылыктар
Конституциялык кеңешменин иши
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык кеңешменин иши

Бүгүн конституциялык кеңешменин пленардык жыйыны өттү. Анда сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору талкууланды. Эми кеңешменин мүчөлөрү үч секцияга бөлүнүп, тиешелүү тармактарды талкуулашат. 

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү үч секцияга бөлүндү. Аны менен бирге жалпы пленардык жыйындар бар. Биринчи жана төртүнчү күндөрү пленардык жыйындар өтсө, калган күндөрдө секцияларда талкуу жүрөт. 

Кеңешмеге токсонго жакын адам кирген болчу. Адистердин ичинде отуз беши илимпоздор, беш академик бар. Аны менен бирге бүгүнкү жыйында каршы болуп жаткан тараптардан да каалоочулар болсо, кеңешменин мүчөлүгүнө дагы он беш чакты адамды киргизүү зарылчылыгы айтылды.

Конституциялык кеңешме ар бир жарандан, саясий тараптардан келген сунуштардын баарын кабыл алат. Азыркы учурда кеңешменин расмий сайты ишке кирди.

Кеңешменин пленардык жыйындары коомдук биринчи каналда түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Аны менен бирге бардык маалымат каражаттарына отурумду чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.