Быйыл 10 айда Кыргызстан сыртка 14 тонна 604 килограмм алтын экспорттогон.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде Кыргызстан 19,5 тонна алтын өндүргөн.
Жыл башынан бери Кыргызстан Улуу Британияга 807 млн долларга 14,6 тонна алтын, Түркияга 42,7 миң долларга 4,5 килограмм алтын экспорттогон.