Бишкектин жашоочулары сандардын өзгөчө айкалышы бар унаа номурларын эң көп сатып алышат. Онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатылган номурлардин ээлеринин дээрлик 50% борбор калаанын тургундары.
2016-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 33 617 даана мамлекеттик унаа номурун сатты, анын ичинен борбор калаанын коду «01» менен 15 555 даана. Суроо-талап боюнча экинчи орунда Чүй облусунун коду «08» - 4625 аукционсуз жана 128 аукцион аркылуу мамлекеттик унаа номери сатылды. Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу ээледи - «04» аймактык коду менен "кооз" номерлердин 3399 ээси бар.
Рейтингде соңку орунда «05» коду (Нарын облусу) турат, сандардын өзгөчө айкалышы бар мындай код менен 766 даана унаа номур сатылган.
Маалымдама үчүн: Мамлекеттик унаа номурлардын жаңы стандарты 2015-жылы иштелип чыгып, алардын форматы өзгөрүлдү: аймак сол жактагы өзүнчө терезеде эки орундуу сан түрүндө белгиленип, ал эми тамгалар жана сандардын үч орундуу айкалыштары серияны белгилей баштады. Унаалардын жаңы стандарттагы номурлары 2016-жылдын 1-июндан баштап бериле баштаган.
2016-жылдын 21-сентябрында nomer.srs.kg долбоору старт алган, ал сайт аркылуу сандардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик унаа номурларын онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатып алууга болот.