“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата КТРКнын Кыргыз радиосу бир жылдан бери түз эфирде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте уюштурган “Тилим менен улутмун” аттуу студенттер аралык республикалык 3 айлампадан турган радиотаймаш өткөргөн. Бул таймашка мамлекетибиздин 18 жогорку окуу жайынын филология эмес факультеттеринин студенттери катышышты. Соңунда мыкты 5 жогорку окуу жайы финалган чыгып, орундар аныкталды.
Сыйлык тапшыруу аземи 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 9:30дөн 12:00гө чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кичи залында өтөт. Келечектен муундун кыргыз тилине болгон кызуугусун, сүйүүсүн арттырууга арналган бул долбоордун башкы демөөрчүсү “Аскар Салымбеков” атындагы коомдук фонд 75 000 акчалай каражат бөлүп берди.
“Тилим менен улутмун” аттуу студенттер аралык радиовикторинанын жыйынтыктоо иш-чарасынын программасы:
Орду: Ж.Баласагын атындагы КУУнун кичи жыйындар жайы
Убактысы: 2020-жылдын 25-ноябры, саат 10:00
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз радиосу
Катышуучулар: ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, калыстар тобу, ЖМК ж.б.
9:30 -9:50 Катышуучуларды каттоо.
10:00-10:05 КМЮУнун, КУУнун, Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери көркөм ыр окуйт.
10:05-10:10 Иш-чаранын ачылышы:
10:10-10:25 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеев, Кыргыз Радиосунун продюссери М.Токтогулов.
10:25-10:35 “Мамлекеттик тилди кантип өнүктүрөбүз” деген темада КММАнын, КЭУнун студенттери долбоорлорун жакташат.
10:35-10:45 Демөөрчүгө жана калыстар тобуна сөз берилет.
10:45-10:55 Сыйлык тапшыруу.
10:55-11:00 Жыйынтыктоо.