Жаңылыктар
Бажы төлөмүн төлөөдөн баш тарткан факты Мамлекеттик бажы кызматында катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы төлөмүн төлөөдөн баш тарткан факты Мамлекеттик бажы кызматында катталды

Бажы төлөмүн төлөөдөн баш тарткан факты Мамлекеттик бажы кызматында катталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү кызматкерлер тарабынан аныкталгандай Кыргызстандын жараны “Honda jazz” үлгүсүндөгү автоунааны ЕАЭБдин аймагына алып келгенден кийин бажы төлөмүн төлөөдөн баш тарткан. 

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаа бажылык тариздөөдөн 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган автоунаа катары өткөрүлүп, 37 миң 729 сом суммасында бажы төлөмүн төлөгөн. Бирок, юрист адистерди тартуу менен өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында бул автоунаа өндүрүштөн 2005-жылы чыгарылганы тастыкталган. 

Андай болгондо бажы төлөмүнүн суммасы 523 миң 389 сомду түзүп калат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө аймагына байланыштуу Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.