Жаңылыктар
ИИМ: Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

ИИМдин ТИИБдин Аба транспортогу ички иштербөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30да чамасында “Манас” Эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан коңшу мамлекеттердин биринин жараны 1995-ж.т. С. Д. кол баштыгынан 5 даана кызыл китепке кирген ителги табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Чет мамлекеттердин биринин жараны С.Д. беш ителгини, анын ичинен экөөсү өлүп калган ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерди жүргүзүп жатат.