Ээн жерде киши колдуу болуп, көз жумган маркумдун тек-жайын милиция аныктады. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак аймагында сөөгү табылган жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды.
Учурда анын киши колдуу болгон себептери иликтенүүдө. 22-ноябрда Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак аймагынын тургундары белгисиз адамдын бакта асылып турган сөөгүн көрүп, милицияга кабар беришкен. Маркумдун оозу, буттары жана колдору скотч жана жип менен байланган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул фактыны бирдиктүү реестрге каттап, Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.