Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар баланы өгөй атасы сабап салган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну кайрылган.
Ал 17нен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган. Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 6 жашар баланын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалган.
“Учурда Сокулук райондук милициясы баланы сабаган жаранды кармап, милиция бөлүмүнө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул иштин иликтениши ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иштери уланууда”, - деп билдирет облустук милиция.