Жаңылыктар
Уезбаев: Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташып келатат
Кыргызстан жаңылыктары
Уезбаев: Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташып келатат

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акырындык менен турукташуу жолуна түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Биринчи радионун" эфиринде Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын-алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев билдирди.

Анын белгилешинче, жайында болгон оорунун биринчи толкунуна караганда өлүмдүн көрсөткүчү аз жана врачтардын бейтаптарды дарылоодогу тажрыйбасы калыптанып калды. Адис жарандарга кайрылып, суукта иммунитетти чыңдап, тамак-аш рационуна көңүл буруу керектигин экертти. Маселен, витаминдүү, белоктуу азыктарды жеп, суюктукту ченеми менен ичүү керектигин жана малдын майын дагы жеп турууну ал сунуш кылды.