Ош шаарында салынып жаткан тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган оорукана 100 орунга эсептелген. Анын курулушу быйыл 28-июлда башталган. Азыркы курулушка 62,5 млн сом кеткен.
“Буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн, биринчи жана экинчи дарылоо блокторунун курулуш-монтаж иштери бүткөрүлдү. Жылуулук системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Ошондой эле эшик-терезелер, өрт сигнализациясы орнотулуп, ички жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү. Учурда таштаман төшөө, жарыктандыруу жана оорукананын тегерегин тегиздөө иштери жүрүүдө”, - деп билдирет аталган агенттик.
Ооруканага керектүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынып, учурда кычкылтек берүүчү борборлоштурулган тутум орнотулуп жатат.