Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Өзбекстанды утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш 20-ноябрда Бунёдкор академиясынын аренасында өттү.
Биринчи тайм 0: 0 эсеби менен аяктап, экинчи таймдын 4-мүнөтүндө Айдар Абдыжалил уулу эсепти ачып, оюн аякташына эки мүнөт калганда, Кыргызстандын командасынын капитаны Максат Алимов эсепти эки эсе көбөйттү - 2: 0.
Финалдык ышкырыкка бир нече секунд калганда, атаандаш Чориев Даврондун аракети менен бир гол ишке ашты.
2: 1 эсеби менен Кыргызстандын курама командасы жеңишке жетишти.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда командалар оюн өткөргөн . Анда үй ээлери 2: 1 эсебинде жеңишке жетишкен.