Жаңылыктар
COVID-19: Абал кооптуу бойдон калууда
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Абал кооптуу бойдон калууда

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 447 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 200 адамдан, Ош шаарында - 16, Чүй облусунда - 86, Ош облусунда - 25, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 49, Жалал-Абад облусунда - 29, Баткен облусунда 17 кишиден табылды.Ошол эле учурда 505 адам коронавирустан айыгып чыккан.

 Бир күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду. Бишкекте - 3 адам, Талас облусунда - 1 киши.Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 3 миң 74 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 819 бейтап дарыланууда. Бир күн ичинде өлкө боюнча 19 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Стационарлардан 7 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 806 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 3 миң 533 медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 69 миң 149 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 60 миң 294 киши айыгып чыкса, 1 миң 227 адам каза болду.