Жаңылыктар
Милдеттүү медициналык тутумун реформалоо
Кыргызстан жаңылыктары
Милдеттүү медициналык тутумун реформалоо

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинде өткөн милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча тегерек стөлгө катышты. Сурабалдиева өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, анын ичинде медициналык камсыздоо маселеси эң маанилүү маселе экендигине токтолду. Милдеттүү медициналык камсыздоо тутумунда бир катар реформаларды жүргүзүү, анын катарында мамлекеттик жана жеке медициналык тейлөөнү аткаруучулар үчүн бирдей шарттарды камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүү боюнча күч-аракетин координациялоонун маанилүүлүгүн айтты. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргызстан Өкмөтүнүн актуалдуу маселелердин чөйрөсү боюнча мындан ары карай жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирди.