Өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. Кеңеш конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле мамлекеттик бийлик тутумун өркүндөтүү концепциясын талкуулайт.
Бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу чаралары каралат. Жаңыдан иштей баштаган конституциялык кеңешменин алгачкы отуруму бүгүн өттү.