Жаңылыктар
Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 268 адамга ырайым берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 268 адамга ырайым берилди

Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 268 адамга ырайым берилди. Алар ооруга чалдыккан жана оор эмес кылмышы үчүн жазага тартылган жарандар. Учурда жазасын өтөп жаткан башка адамдардын да арыздары каралууда. Тиешелүү жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында кол койгон.

Жалпысынан 268 адамдын жүгү жеңилдеп, ырайым алды. Алардын 230у абактан бошотулса, калган отуз сегизинин жаза мөөнөтү кыскарды. Күтүлбөгөн окуя аларды кубанычка бөлөдү. 16-18-ноябрь күндөрү жабык жайлардан чыккан адамдар үйлөрүнө кайтып барып, жаңы жашоо баштаганы турушат.

Абактан бошотууда күмөндүү жагдайдан улам соттолгондор, оор эмес кылмышы менен кесилгендер жана ден соолугу жайында эмес жарандар эске алынды.

Алдыда дагы абактан бошой тургандар бар. Соңку күндөрү жазасын өтөп жаткан 3 миңге жакын адамдан арыз берилген. Алардын ар биринин таржымалы талданып чыгып, ырайым алууга ылайыктуулары тандалат.