"Мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо, жарандардын укугун жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо, жемкорлук менен күрөшүү - башкы көзөмөл органы болгон Прокуратура тутумунун ишиндеги негизги багы". Бүгүн прокуратура органдарында иштегендердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул күн 2000-жылдан бери белгиленип келет.
Бул күндүн белгиленип жатканына быйыл 20 жыл болгону менен тарыхы тереңде жатат. 1924-жылдын 22-ноябрында Кара Кыргыз автономиялуу облус президиумунун токтомуна ылайык, облус юстициясынын элдик комиссариатында 15 адамдан турган кыргыздын биринчи көзөмөл органы - улуттук прокуратура түзүлгөн. Прокуратура органдары бүгүн мыйзамдуулуктун жана адам укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн негизги орган.
Кесиптик майрамды утурлай өз ишин берилгендикте жана таза абийир менен аткарган кызматкерлер ардак грамоталар жана төш белгилер менен сыйланышты. Сөз сүйлөгөн башкы прокурор мыйзамдуулукту өз ишинин өзөгүнө айланткан кесипкөйлөрдүн эмгегин өзгөчө белгиледи.
Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартиптерди бекемдөө көзөмөл органдын негизги иши. Аны менен бирге акыркы жылдары прокуратура органдары республиканын өнүгүшүндө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шартты камсыздоого салым кошуп, мамлекеттин таянычы болуп келүүдө.