Жаңылыктар
Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды

Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. 

Оорукана салууга ыңгайлашкан 40 контейнер темир жол аркылуу алынып келинди. Жеңил конструкциядагы имарат Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна курулат. Ал 10 күндүк мөөнөттө бүткөрүлүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эми бейтаптарды дарылоодо, Өзбекстандан дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашышат. 

Коронавирус оорусун алдын алуу жана жайылтпоо үчүн Баткен облусу жана Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда да тыгыз кызматташуу жолго коюлган. Буга чейин да Фергана облусунан коргоочу каражаттар жиберилген болсо, Баткен облусу боордош өзбек элине азык-түлүк менен жардам кылган.