Бишкекте Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны өтүүдө. Комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдиргендей, жыйын үч негизги секцияга бөлүнөт.
Биринчи, Конституциялык түзүлүштүн негизи. Бул жерде жергиликтүү бийликке байланышкан бөлүмдөр дагы каралат. Урмат Амандиев секциянын башчысы, Канат Осмоналиев анын орун басары болду. Экинчиси - жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо. Нурлан Шерипов секциянын башчысы, Темирбек Нурматов анын орун басары болду.
Үчүнчү секция - бийлик органдары. Болот Токтобаев секциянын башчысы, Чынара Ботобаева анын орун басары болду. Бөрүбашев кошумчалагандай, секциялардын башчылары - юристтер, бирок Конституциялык кеңешменин курамында экономисттер, философтор жана башкалар бар. "Секциялар күн сайын эртеден кечке чейин уланат. Жумасына эки жолу пленардык жыйын болот", - деди ал.