Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Ага ылайык, Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин, мамлекеттик бийлик системасынын, мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзөт. Анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Мыйзам долбоору тууралуу сунуштар Жогорку Кеңешке киргизилет.
Конституциялык кеңешме макулдашылган маселелер боюнча кеңешменин ишинин жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгил-мезгили менен чагарып турат. Конституциялык кеңешме өз ишин Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт. Конституциялык кеңешменин катчылыгынын функциялары Юстиция министрлигине жүктөлөт. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылат. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.