Жаңылыктар
Акыркы бир суткада өлкөдө коронавирус инфекциясын дагы 386 жаран жуктуруп алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы бир суткада өлкөдө коронавирус инфекциясын дагы 386 жаран жуктуруп алды

Акыркы бир суткага карата өлкөдө коронавирус инфекциясын дагы 386 жаран жуктуруп алды. Маалымат республикалык штаб тарабынан берилди. 

Алардын аймактарга карата бөлүнүшүндө Бишкек шаарында 119, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 118, Ош облусунда 30, Талас облусунда 17, Нарын дубанында 11, Ысык-Көл облусунда 55, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен дубанында 27 адам вируска чалдыккан. Ушуну менен өлкөдө илдет катталгандан бери жалпы 68 миң 702 жаран илдетке кабылган. Ошондой эле соңку сутка ичинде коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын алтоо каза болду.

Алардын төртөө Бишкек шаарында, ал эми Нарын жана Ош облустарында бирден жаран. Муну менен өлкөдө илдетти жеңе албай каза болгондордун жалпы саны 1 миң 223 адам. Ошондой эле бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан сакайгандардын саны дагы 427ге өстү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар Бишкек шаарынан – 91, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 55, Талас облусунан – 11, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, жана Жалал-Абад облусунан – 85, Баткен облусунан – 66 жаран илдетти жеңип чыкты. Ушуну менен Республика боюнча жалпы 59 миң 789 бейтап айыкты.