Жаңылыктар
Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

2020-жылдын 19-ноябрь күнү Жумгал райондук Ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жумгал райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жумгал РИИБнин начальниги, милициянын подполковниги Жаныбек Ашыралиев милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал районунун  Ак-Булак, Өрнөк айыл аймактарын  кыдырып, бардык санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушуу учурунда  элдин көйгөйлүү маселелерди угуп, жеринен көмөк көрсөтүп келишти.  Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан Covid-19  илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Натыйжада, милициянын көчмө кабылдамасына  8 жаран кабыл алынды. 4 адам ыраазычылык билдирмелерин калтырып кетишти. Мындай иш-чара  райондун баардык айыл аймактарына улантылат.