Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, райондук администрациялар жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган топ транспорт салыгын төлөө боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык топтор кыймылдуу мүлк салыгын төлөөдөн качып жүргөн унаа ээлерин аныктап жатышат. Рейддин жүрүшүндө Ленин райондук салык кызматынын кызматкерлери тарабынан транспортко салык төлөбөгөндүгү боюнча төрт акт жана туура эмес жерге токтотулгандыгы үчүн 5 протокол түзүлдү. Биринчи май районунда да жүргүзүлгөн ушундай эле рейддерде 140 унаа текшерилип, 2 акт түзүлдү. Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрында аяктаган, буга байланыштуу Бишкек мэриясы салыктарды тез арада төлөөнү эскертет.