Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен биргеликте «Инфоком» мамлекеттик ишканасында көчмө жыйын өткөрдү.
Сабиров Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүү жана автоматташтыруунун алкагында Бишкек шаарындагы № 2 калкты тейлөө жана № 1 транспорт каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо борборлорунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. № 2 калкты тейлөө борборунда документ алууга келген жарандар менен түздөн-түз сүйлөштү.
Анда калкты тейлөө багытында түзүлгөн шарттар боюнча элдин пикирин укту. Ошондой эле Равшанбек Сабиров транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун иши менен таанышты. Борбор «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт. Бардык процесстер автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган.
"Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өмүрүнүн бардык баскычтарында маанилүү окуяларды коштоп жүргөн уникалдуу орган. Кызмат алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Калкты тейлөөдө инновациялык технологияларды ишке киргизүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулата алды. Бирок алдыда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү максаттарын мындан ары да өнүктүрүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү",- деди вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров.