Жаңылыктар
Кайрат Осмоналиев: Конституциянын долбоору азырынча соңку вариант эмес жана көп талкууну талап кылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кайрат Осмоналиев: Конституциянын долбоору азырынча соңку вариант эмес жана көп талкууну талап кылат

Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн бардык тараптардын пикири эске алынып, көпчүлүктүн макулдугу менен референдумга алынып чыгат. 

Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында Конституциянын долбоору азырынча соңку вариант эмес жана көп талкууну талап кылат. Осмоналиев улуттук салтка, адеп баалуулуктарына каршы келген басылмалардын ишине тыюу салуу боюнча 23-берене талаш жаратып жатканын белгиледи. Ал дал ушул маселе тыкыр талкууланышы керек деп эсептейт. Ошондой эле сот арачылары тууралуу сунуштары бар экенин билдирди.