Кыш мезгилинде электр энергиясы жана жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков калкты жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмесинини жүрүшүндө билдирди.
Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыш мезгилинен өтүү маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөшү керектигин айтты. Буга катар орнотулган лимиттин алкагынан тышкаркы электр энергиясын пайдаланууга чек коюлушу керек. Жыйында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маалыматы угулду.
«2020-жыл оор болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Акыркы окуялар республикалык бюджетти оңдоп-түздөө зарылчылыгына алып келди. Жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо 90%га аткарылды. Каражаттын калган бөлүгү ушул жылдын аягына чейин план боюнча которулат. Демек, каржылоонун жетишсиздиги жөнүндө маалымат орунсуз. Учурда бизден бир гана нерсе талап кылынат - кыш мезгилин кыйналбай өткөрүү. Калк Өкмөт кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек»,- деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.