Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева менен жолугушту.
Өкмөт тарабынан өлкөдөгү социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Өзгөчө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, медициналык кызматкерлерге төлөмдөрдү өз убагында берүү, дары-дармектер жана тест-системалар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ооруканалардын даярдыгы, социалдык жөлөк пулдар менен пенсияларды төлөө, келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка маселелерге токтолушту.
Сурабалдиева өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавируска каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымат берди. Өкмөт тарабынан оорунун жайылышынан улам келип чыккан терс таасирлерди азайтуу боюнча толук кандуу иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Айтымында, медициналык мекемелерде тест-системалары менен жабдуулар жетиштүү. Мамытов биринчи кезекте өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнүн жана пандемияга каршы күрөшүүгө багытталган иштерди өз убагында каржылоонун өзгөчө зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле медициналык кызматкерлерге максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү, аларды бардык керектүү медициналык зарыл каражаттар менен камсыз кылуу, айрым дары-дармектердин жетишсиздигин жана алыпсатарлыкты болтурбоо үчүн дары-дармектердин корун жетиштүү камсыздоонун маанисине көңүл бурду. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу иш-чараларына медициналык кызматкерлерди ыкчам тартуу үчүн медициналык кадрлардын резервин түзүүнүн маанисине токтолду. Пандемия шартында жарандардын мамлекеттик кепилдиктер менен кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режиминде алуусу үчүн м санариптештирүү иштерин улантууга чакырды.