"Манас" эпопеясынын негизинде «Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы. Дүйнөлүк цивилизациялар» аттуу китептин бет ачаары болду. Көп эмгекти талап кылган монографиянын бет ачаарына көрүнүктүү окумуштуулар менен жазуучулар катышып, ойлорун ортого салышты. Эмгектин автору белгилүү саясий жана коомдук ишмер, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев. Анын алты жыл аралыгында жазылган китеби орус тилинде Германияда жарык көрдү.