Быйыл республикалык бюджеттин чыгашасынын 30 пайыздан бир аз ашыгыраак бөлүгү бюджеттик кызматкерлердин айлык маянасына гана жумшалат. Каржы министрлигинен билдиргендей эмгек акы фондусунун жалпы көлөмү 61 миллиард сомду түзүүдө. Кыргызстанда 321 миң бюджеттик кызматкер бар. Учурда министрлик менен мекемелерде бири-бирин кайталаган бөлүмдөр кыскартылып, оптималдаштыруу жумуштары колго алынды. Мындай болгондо бюджеттик каражатты үнөмдөп айлыкты көтөрүүгө мүмкүн болот. Ошол эле маалда экономисттер кыскартууга баруу үчүн маселеге ар тараптуу саресеп салуу керек деген ойдо.