Өлкөдө акыркы үч күндө инфекция жуктургандардын арасында оор абалдагы бейтаптар көбөйдү. Ооруканаларда дарыланып жаткан 200дөй бейтап жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул арада саламаттык сактоо министрлиги изилдөө жургүзүп, коомдук жайларда көп жургөн жаштар вирусту алып журүүчү катары үйдөгү башка адамдарга жуктуруп, өздөрү ковиддин белгилери жок жүргөнүн айтып чыкты. Буга күзүндө күч алган той-аштар, тамактануучу, эс алуучу жайлардын талапка ылайык иш алып барбаганы, коомдук унаалар себеп болушу ыктымал.