Жаңылыктар
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. 

Ал, жакында эле өкмөттүк делегация Россияда болуп, бул маселе каралганын айтып өттү. “Бирок Россияда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө”, - деп, ал аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында коронавирус менен жаңы 23 миң 610 бейтап катталды. Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Россия Федерациясында жалпы 2 млн 15 миң 608 адамдан коронавирус аныкталды.