Ош шаардык прокуратурасы мамлекетке келтирилген 70 млн сомдон ашуун зыянды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
4-сентябрда Ош шаарынын вице-мэринин токтому кабыл алынып, анда Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25 гектар муниципалдык жер аянты 2 млн. 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен «Кыргыз Текстиль» ишканасынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн. 6-октябрда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген. Аталган жагдайларга карата Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн сомду түзөөрү аныкталып, айырмасы 69 млн 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 млн 500 миң сом төлөнбөй туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Мунун кесепетинен Ош шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген. Бул факты 11-ноябрда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча катталып, учурда тергөө амалдары башталды.