Парламенттик шайлоодо нааразычылыктарды жараткан каталардын кайталанышына жол бербейбиз. Бул тууралуу маалымат жыйынында Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтымында, өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу жана шайлоо даректерин массалык түрдө өзгөртүүгө жол берилген. Мамытканов белгилегендей, алдыдагы президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болбойт. Ошондой эле ал Президенттик шайлоону өткөрүүгө жарым миллиард сом сарптала тургандыгына токтолду. Мамытканов 2020-жылы бюджетте тартыштык маселеси бар экенин айтты. Бирок шайлоону өткөрүүгө ал каржы кыйынчылыктары таасир этпейт.
"Негизги милдет - шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратпашы үчүн ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүү. Биз, өкмөт катары бизден көз каранды болгон бардык иштерди аткарабыз. Биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылуу",- деди вице-премьер-министр Максат Мамытканов.