Бүгүн 2020-жылдын 19-ноябрында Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов мэриянын бөлүм башчыларынын жана Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын башчысы Замир Юсупов жаңыдан түзүлгөн аналитика бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 10 айында аткарылган иштер тууралуу кыскача маалымат берип, аткарылуучу иш-пландар жана долбоорлор талкууланды.
Аппарат жетекчи Ж. Осмонов аналитика бөлүмү тарабынан иштелип чыккан шаардагы муниципалдык мекеме-ишканаларды санариптештирүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууну тездетүү жана каржы булактарын аныктоо боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле, аппарат жетекчи мэриянын бөлүм башчыларына тейлеген мекеме-ишканалардын катышуусунда график боюнча жумушчу жыйындарды уюштуруп, тийиштүү тармактагы маселелерди аналитика бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте талкуулап, өнүктүрүү усулдарын иштеп чыгууну тапшырды.