Жаңылыктар
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган театрдын мурдагы директору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган театрдын мурдагы директору кармалды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын билдиришти. 

“Аталган мамлекеттик мекеминин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 1 млн. сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды”, - деп билдирет Каржы полициясы. Биринчи май райондук соту опера жана балет театрынын мурдагы директорунун баш коргоо чарасын карайт.