Мурда маалымдалгандай, УКМК ККК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фондунун кызмат адамдарынын тобу, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан.
Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фондунун төрагасынын “И.М.Э.” мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды.
Чогулган материалдардын негизинде, 2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Социалдык фондунун “И.М.Э.” төрагасы кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.