Бүгүн, 19-ноябрында Бүткүл Дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүк күнүн майрамдоо күнүндө Нью-Делиде Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Исаев Индиянын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясынын Аялдар канатынын (FLO) Президенти Каржиндер Каур Талвар менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын аялдар уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюу, B2B форматында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулоо үчүн видеоконференция өткөрүү, жана ошондой эле Индиянын штаттарынан бизнес делегациясын Кыргызстанга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашышты.
Аялдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темаларына арналган тегерек стол же пленардык сессияны биргеликте өткөрүү маселелери талкууланды.
Эки өлкөнүн аялдар кыймылдарынын ортосунда талкууларга аянтча түзүү, тажрыйба менен алмашуу жана диалог мүмкүнчүлүктөрү сферасында тыгыз байланыштарды орнотуу зарылчылыгы белгиленди.
Эскерте кетсек, FLO – бул Индиянын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясынын (FICCI) Аялдар канаты. Бул штаб-квартирасы Нью-Делиде жайгашкан бүткүл индиялык аялдар форуму болуп эсептелет. FLO 6800дөн ашуун ишкер аялдар жана профессионалдарын тартуулайт. 37-жылдан ашуун тажрыйбасы бар FLO семинарлар, конференциялар, тренингдер жана дараметин жогорулатуу ж.б. программалар аркылуу аялдар арасында ишкердикти жана профессионалдык чебердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.