Германиянын элчилиги Саламаттык сактоо министрлигине 30 ар кандай медициналык жабдууларды тапшырды. Алар COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоодо колдонулат.
Маалыматка ылайык, жабдууларды сатып алуу Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Саламаттык сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан координацияланды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Германиянын өкмөтүнө жана элчилигине ыраазычылыгын билдирип, жабдуулар жакынкы убакытта республиканын медициналык мекемелерине муктаждыкка жараша таратыларын айтты. Буга чейин дагы Германия медициналык коргоочу кийимдерди, ПЧР анализин жүргүзүү үчүн керектелүүчү материалдарды жана гигиеналык каражаттарды жардам катары берген.