Жалал-Абад шаарында жүргүнчү ташыган такси кызматы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдге жол кайгуул кызматынын, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, салык кызматынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү чыкты. Тийиштүү тармактар бааны жогорулатпоо талабын коюп, патент менен иштөөнү эскертишти.
Эскерте кетсек, буга чейин айрым жарандар тарабынан такси кызматтары жол акысын кымбаттатканы айтылган. Буга ылайык шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев жооптуу мекемелердин жетекчилерине жагдайды жөнгө салуу боюнча сунуш көтөргөн.