Аксы районунун мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта айрым мектептерде окуу башталган.
Буга байланыштуу милиция окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлери балдарды татыктуу билим жана тарбия алуу менен өлкө үчүн пайдасы тийген инсан болууга чакырышууда. Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу жолдор тайгак болгон учурда этияттык менен басууга, ар дайым жол эрежелерин сактоо керектиги айтылды.
Ошондой эле учурдагы абалга байланыштуу санитардык нормаларды так сактоо зарылдыгы эскертилди. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жугуштуу илдеттен коргонууда кайдыгер болбоого чакырышып, гигиеналык каражаттарды жанына алып жүрүү учурдун талабы экендигин белгилешти.