Москва шаарында өткөн Эл аралык кинофестивалда кыргыз кино актёрлору сыйлыктарга ээ болду. Сынактын негизги программасына Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышты. Россиялык көрүүчүлөр “Ак кеме” тасмасынын жаңыча тартылган версиясын кандай кабыл алды?
"Шамбала" тасмасы Россиянын баш калаасында Шериктеш мамлекеттердин экинчи эл аралык "Москва премьерасы" кинофестивалынын алкагында көрсөтүлдү.
Бийик тоодогу токойдо абышка менен кемпир жана анын кызы, күйөө баласы жана жети жаштагы небереси менен чогуу жашайт. Жеткинчек Бугу эне душмандардан кырылган уруунун акыркы наристесин сактап, аны өзүнүн сүтү менен тойгузганы тууралуу байыркы жомокко ишенет.