Улуттук илимдер академиясынын академиги, Машина таануу жана автоматика институтунун лабораториясынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, Жаныбек Шаршеналиев 79 жаш курагында дүйнө салды.
Шаршеналиев 1941-жылы 1-февралда Талас облусунун Арал айылында туулган. Ал Саратовдогу политехникалык институтту аяктаган. Эмгек жолун СССРдин илимдер академиясындагы Космостук изилдөөлөр институтунда жетектөөчү конструктор кызматында баштаган. Москва энергетика институтунун аспирантурасын аяктагандан кийин Фрунзе политехникалык институтунун болуп иштеген. Адан соң Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министри болуп дайындалган.
УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысынын орун басары, Автоматика институтунун директору, Ош технологиялык университетинин ректору, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору кызматтарында эмгектенген. Шаршеналиевдин жана анын окуучуларынын илимий жетишкендиктери космостук техникада, кеме курууда, энергетикада, компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар жаатында кеңири колдонулат.
Кыргызстанда жана чет өлкөдө 350дөн ашуун илимий иштери жарыяланган, анын ичинде 17 илимий монографиясы, 10 автордук күбөлүгү жана ойлоп табуулардын жана күбөлүктөрдүн 20 патентинин автору. Ал илимдин 20 докторун жана 27 кандидатын даярдаган. Жасаган эмгектери үчүн жогорку жана мамлекеттик деңгээлдеги бир катар сыйлыктарга татыган. Жаныбек Шаршеналиев туугандарынын, жакындарынын жана элибиздин эсинде дасыккан илимпоз, үлгүлүү жетекчи катары түбөлүккө калат. Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз. Мамытов, Новиков, Отунбаева, Жээнбеков, Калиева, Сурабалдиева, Сабиров, Касмамбетов, Аманбаев.