Жаңылыктар
Унааларды милдеттүү камсыздандыруу кийинкиге жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларды милдеттүү камсыздандыруу кийинкиге жылдырылды

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу кийинкиге жылдырылды. Буга чейин 2015-жылы автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам киргизилип, эки жолу артка калтырылган. 

Быйыл өлкөдөгү пандемиялык шартты эске алып, мыйзамды үч этап менен ишке ашыруу чечими кабыл алынды. 2021-жылдын 1-июлунан баштап чет элдик номердеги унаалар милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү кажет. Юридикалык жана муниципалдык унаалар 2022-жылдын 1-январынан баштаса, жалпы жарандар 2023-жылдын 1-январынан унааларын камсыздандырууга милдеттендирилет. 

Учурда өлкөдө 17 камсыздандыруу компаниясы иштейт. Мыйзам толук ишке киргенден кийин жыл сайын бюджетке 40 млн сом киреше түшүп, өлкө боюнча камсыздандыруу компанияларында 5 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болот. Республика боюнча жалпы унаалардын саны 1 миллиондон ашык. Мындай мыйзам КМШ өлкөлөрдүн бардыгында киргизилген.