Жаңылыктар
Өзбекстан тарабынан Кыргызстанда 400 орундуу эки инфекциялык оорукана курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан тарабынан Кыргызстанда 400 орундуу эки инфекциялык оорукана курулат

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 3 миң тонна буудай берди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга 3 миң тонна буудай түрүндөгү азык-түлүк жардамын өткөрүп берди. 

Өзбек тарап темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарынын станциясына жеткирип, Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды. Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 400 орундуу өзбек тарабынан курула турган эки инфекциялык оорукана үчүн модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө. Тапшыруу аземинин жүрүшүндө Кыргызстан коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө кезектеги жардамы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бүтүндөй Өзбекстан элине ыраазычылыгын билдирди.

“Эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу сүйлөшөөрү менен бир канча саат аралыгында бизди өкмөткө чакырып, гуманитардык жардамды камдоо боюнча тапшырма берилди. Бул тапшырма дароо аткарууга алынып, анын жыйынтыгында мына алгачкы поезд сиздерге келип отурат. Биздин бул жардам кыргыз элине чын жүрөктөн берилип жатат. Анан албетте сиздердин алдыдагы шайлоо өнөктүгүңүздөр ийгиликтүү өтүп, туура максаттарына жетишин каалайбыз. Бир тууган, коңшу мамлекет катары Кыргызстан ар дайым өнүгүп, тынч болушу биз үчүн да маанилүү",- деди Өзбекстандын темир жол башкармалыгынын төрагасы Хуснутдин Хасилов.