Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы алдында Президентти кезексиз шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.
Вице-премьер-министр Президентти шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи. «Мамлекеттик органдар президенттик шайлоону жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек», - деди Максат Мамытканов. Ал белгилегендей, кезексиз президенттик шайлоо учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл буруу керек.
Бардык маселелер биргеликте жана тез арада чечилиши кажет. Отурумдун соңунда мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө тез арада Президентти шайлоону уюштуруу планын бекитүү боюнча сунуштарды карап чыгуу жана киргизүү тапшырмасы берилди.