Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ошондой эле Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды.
Жолугушууда саясий жана экономикалык байланыштардын азыркы абалы, парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү чаралары жөнүндө пикир алышты. Президенттин милдетин аткаруучу эки боордош өлкөнүн ортосундагы кызматташуу өз ара аракеттешүүнүн дээрлик бардык тармактары камтылган салттуу жогорку деңгээлге жана жигердүү динамикага ээ экенин белгиледи.
Ал эки тараптуу мамилелер мындан ары дагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүшү керектигин баса белгиледи. Мамытов жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек ара тилкелериндеги өткөрмө пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө казак тараптын көңүлүн бурду. Тараптар Казакстан тарабынан коронавируска байланыштуу мурда токтотулган «Бишкек-Талас» каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып, тараптар бул багыттагы иштер өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Кыргызстан менен Казакстандын парламенттери КМШ, ЖККУ, ТүркПАнын парламенттер аралык ассамблеясынын, ошондой эле башка парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара тыгыз кызматташат. Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылыгын билдирип, Казакстан Кыргызстандын саясий жактан турукташуусуна жана экономикалык жактан гүлдөп-өсүшүнө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Ал өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да түбөлүк достук жана союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишимдердин негизинде улантууга даяр экендигин билдирди.