Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуу болду. Президенттин милдетин аткаруучу Россия тарапка саясий кризистен чыгууга көрсөткөн колдоосу, ошондой эле коронавируска байланыштуу өлкөдөгү татаал мезгилде Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамытов өлкөлөр ортосунда ырааттуу жүрүп жаткан авиа каттамдардын санын көбөйтүү зарылчылыгын айтты. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда жана бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташуу өзгөчө орунду ээлей турганына токтолду. Николай Удовиченко өз кезегинде Россия тарап Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын - мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын баса белгиледи.
Россия Кыргызстандагы саясий кырдаалдын толугу менен турукташуусуна жана өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары улантылышына кызыкдар экенин кошумчалады.