Жаңы Салык кодекси даярдалат. Бул салыкка байланыштуу бир катар кемчиликтерди, бири-бирине карама-каршы келген жоболорду жоюу максатында ишке ашырылат. Кодекстин жаңы редакциясы кыска убакытта иштелип чыгышы керек.
Салык кодекси талданып чыгып, ал учурдагы талапка жооп бербейт деген корутунду чыкты. Маселе Экономикалык реформалар боюнча кеңештин отурумунда көтөрүлдү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков даярдала турган жаңы кодекс салык төлөөчүлөр үчүн түшүнүктүү болушу керек экенин белгиледи.
Учурда колдонулуп жаткан Салык кодексинде кемчиликтер көп экенин Экономика министрлиги да билдирүүдө. Бири-бирин кайталаган жоболор жана салык төлөөчүлөргө түшүнүксүз болгон жагдайлар көп.